ВС, 19 мая 21:57
14.4°C -
USD: 88.2 EUR: 95.65 KZT: 0.19 RUB: 0.97

Усул бирикме жетекчилер

  • 15:50, 14 июл 2021
  • 42

Билим берүү бөлүмүнүн алдындагы усулчулар предметтик усул бирикме жетекчилери менен кезектеги жолугушуну өткөрдү.
Күн тартибине коюлган маселелер:
1. 2021-2022 окуу жылында райондук предметтик усул жетекчилердин иш планы.
2. 2021-2022 окуу жылында олимпиаданын өткөрүлүшү жана даярдоо тууралуу.
3. Август кеңешмесинин өткөрүү темалары.
Кезектеги жолугушунун жүрүшүндө математика предмети боюнча райондук усул жетекчи Карташова Наталья Валентиновна облустук олимпиада тууралу доклад окуп, ага кандай максат талаптарды коюш керек экенин башка предметтик жетекчилер менен бөлүштү.
2020-2021 окуу жылынын жыйынтыгы тууралуу райондук предметтик усул жетекчилер аткарылган иштери боюнча баяндамаларын окушту. Анда жыл башында коюлган максаттардын жетишкендиктери райондук денгээлдеги семинарлар, конференциялар, райондук, облустук олимпиадалар, мугалимдердин өз билимдерин өркүндөтүү ж.б аткарылган иштердин отчетторун тапшырышып, 2021-2022 окуу жылында карата милдет максаттарын талкуулашты. Ошондой эле Август кеңешмесин өткөрүү боюнча маселелерди ортого салышты

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!