ВС, 19 мая 21:22
14.4°C -
USD: 88.2 EUR: 95.65 KZT: 0.19 RUB: 0.97

Бүтүрүүчүлөр

  • 15:31, 14 июл 2021
  • 40

2021- жылдын 24- июнунда Кыргыз Республикасынын баардык билим берүү мекемелеринде бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи белгиленип жаткандай эле Панфилов районунда да 2020- 2021 окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземи бардык жалпы билим берүү мекемелеринде өткөрүлдү. Аттестат тапшырууда 745 бүтүрүүчүлөрдүн ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо үчүн баардык иш чаралар билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, ИДН, мектеп жетекчилери, ата- энелер тарабынан биргеликте уюшкандыкта өткөрүлдү. Дүйнөдө болуп жаткан кырдаалга карабастан ак эмгектерин арнап келген мугалимдер бүтүрүүчүлөрүнө ак жол тилеп, ардактуу кесиптердин ээси болушун билдиришти. Билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери да ар бир мектептин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшырууда иш чаранын өткөрүлүшүнө күбөө болуп, көзөмөлгө алып, каалоо тилектерин айтышты.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!